Бишкек, 18.07.26. /Кабар/. Россия Федерациясынын Москва облусунун Электросталь шаарында жайгашкан "Wildberries" компаниясынын кампасынан чыккан өрткө байланыштуу учурда Кыргызстандын жарандарынын арасында жабыркагандар тууралуу маалымат такталып, зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилиги таратты.
Маалымдалгандай, азыркы абал боюнча өрт толугу менен өчүрүлө элек жана кампанын аймагы курчоого алынган.
Окуя болгон жерде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, өрт өчүрүү-куткаруу кызматтарынын жана башка тийиштүү органдардын кызматкерлери иштешүүдө.
Россиялык массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, өрт учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан кийин чыккан. Өрттүн расмий себептери Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталууда.
"Элчилик өкүлдөрү аталган кампа объектисинде эмгектенген Кыргызстандын жарандары менен жолугушту. Кыргызстандын жарандары жана Россиянын компетенттүү органдары менен байланышта болууну, кырдаалдын өнүгүшүн көзөмөлдөөнү улантып жатат", — деп айтылат маалыматта.