Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жаңы жетекчи дайындалды — Кабар

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 18 февраль 2026 09:55
634745556_1246144404273861_8168847304218954145_n.jpg
637143554_1246144414273860_5415413929626098638_n.jpg
Алдыга
Артка
634745556_1246144404273861_8168847304218954145_n.jpg
637143554_1246144414273860_5415413929626098638_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Айбек Мамыралиев дайындалды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатка экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды.

Анда министрдин орун басары кызматтын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары катары сак атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана монополияга каршы мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү белгиледи.

Социалдык маанилүү товарлардын наркын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Ведомствого баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө жана баа боюнча жашыруун макулдашууларга (бүтүмдөргө) бөгөт коюу максатында рынокторго мониторинг жүргүзүүнү активдештирүү тапшырылды.

Беназир Нурланова жаңы жетекчинин топтолгон кесипкөй тажрыйбасы, билими жана башкаруучулук жөндөмү кызматка жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берерин айтты.