Жапаров: Монголия менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири

Президент 1287 21 Июль 2025 12:55
520549762_1288958496572115_2468576779764660855_n.jpg
521628787_1288958556572109_6291706311111810386_n.jpg
Алдыга
Артка
520549762_1288958496572115_2468576779764660855_n.jpg
521628787_1288958556572109_6291706311111810386_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Монголия менен ар тараптуу кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан жана Монголия тарыхый достук байланыштары бар мамлекеттер экенин, алардын тамыры терең байыркылыкка кетерин баса белгиледи.

«Бизди миң жылдык көчмөндөрдүн каада-салттары, руханий баалуулуктар жана жаратылышка болгон аяр мамиле бириктирип турат.

Биз кылымдар бою өзүнүн бай маданий мурасын түзүп, аны биздин аймактын чегинен тышкары да жайылтып келе жаткан элдердин, көчмөндөрдүн улуу цивилизациясынын урпактарыбыз.

Биз бири-бирибизди боз үйдөн, кийизден, эпостон жана көчмөн жашоо мүнөзүнөн тааныйбыз», - деди мамлекет башчысы.

Ал бул маданий жакындык биздин мамлекеттер аралык мамилелерибизде өзгөчө ишеним маанайын түзөрүн белгиледи.

«Бүгүнкү күндө дал ушул ишенимдүү негизде биздин заман талабындагы - ачык, тең укуктуу жана өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген диалогубуз түзүлүп жатат. Монголия менен ар тараптуу кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат”, - деп белгиледи Садыр Жапаров жана бул сапар саясий диалогду мындан ары да чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берерине ишенимин билдирди.