Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда аялдарга өз убагында медициналык жардам алуу жана медициналык кызмат көрсөтүүдөгү жеңилдиктер бар. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду эскертет.
Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
Камсыздандырылган адам статусуна ээ болуу, бул жарандардын төмөнкү категорияларына автоматтык түрдө берилет:
- иштегендерге иш берүүчүлөр тарабынан ММКга төгүм төлөшөт;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөндөр;
- ММК полисин сатып алгандар;
- пенсионерлерге, мектеп окуучуларына (18 жашка чейин), күндүзгү студенттерге (21 жашка чейин);
- аскер кызматчыларына, фермер аялдарга, расмий жумушсуздар жана социалдык жөлөп пул алган аялдарга.
Кандай медициналык кызматтар жеткиликтүү:
- профилактикалык текшерүүлөр жана дарылоо – акысыз;
- лабораториялык изилдөөлөр (52 түр) – акысыз;
- диагностикалык изилдөө (УЗИ, рентгенография) – 50% арзандатуу менен;
- күндүзгү стационарда ийне саюу – 50% арзандатуу менен;
- жеңилдетилген дары-дармек каражаттары (анын ичинде темир, йод, фолий кислотасы) ММК фонду менен келишим түзгөн дарыканаларда (өлкө боюнча 1000ден ашык дарыканада) электрондук рецепт боюнча 50%га чейинки арзандатуу менен.
Кантип жеңилдетилген медициналык кызматтарды алса болот?
- ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерине катталуу.
- Лабораториялык жана диагностикалык изилдөөгө жолдомо алуу.
- Камсыздандыруусу жок болгон учурда – ММК полисин тариздөө (мобилдик тиркеме, төлөм терминалдары жана банк аркылуу, наркы – 12 айга 1840 сом).
ММК фонду аялдарды ден соолугуна өз убагында кам көрүүгө жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында каралган укуктардан пайдаланууга чакырат.