Мирлан Байышов Манас шаардык сотунун төрагасы болду — Кабар

Мирлан Байышов Манас шаардык сотунун төрагасы болду

Кадрлар жана дайындоолор 21 январь 2026 17:54
616117284_1238494165126614_8104869175496193171_n.jpg
616164071_1238494145126616_4432898351468790402_n.jpg
616225054_1238494118459952_2528939673869015734_n.jpg
616422206_1238494085126622_5094835442528133204_n.jpg
618069219_1238494081793289_6367458466931001572_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Байышов Мирлан Байышович Манас шаардык сотунун төрагалыгына беш жылдык мөөнөткө дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев кол койду.

Күн мурун Манас шаарынын Сот адилеттик үйүнүн жыйындар залында Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы Жыпара Сабырова соттун жамаатына Мирлан Байышовду тааныштырып, аны кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.