Минскте КМШ өлкөлөрүнүн Балдар кеңешинин алдыңкы жылдарга планы бекитилди

Министрлер кабинети 15 Ноябрь 2025 15:00
69180e966561a.jpeg
69180e9658e94.jpeg
69180e9632047.jpeg
69180e96466e6.jpeg
69180e9641dcb.jpeg
69180e9609c65.jpeg
69180e961c3d6.jpeg
Алдыга
Артка
69180e966561a.jpeg
69180e9658e94.jpeg
69180e9632047.jpeg
69180e96466e6.jpeg
69180e9641dcb.jpeg
69180e9609c65.jpeg
69180e961c3d6.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Күн мурун Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (омбудсмендеринин) комиссиясынын алдындагы Балдар кеңешинин балдардын өздөрүнүн катышуусундагы биринчи отуруму өттү.

Балдар кеңешин түзүү жөнүндө чечим ушул жылдын жайында Бишкек шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (омбудсмендеринин) комиссиясынын бешинчи отурумунда кабыл алынган. 

Балдар кеңешинин курамына шериктештикке мүчө ар бир мамлекеттен экиден өкүл кирди. Кыргызстандан Балдар кеңешинин курамына Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Адеми Саипова жана Кемел Токаев атындагы № 33 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Нурэл Орунтаев кирди. 

Биринчи отурумдун күн тартибине Балдар кеңешинин мүчөлөрү болгон балдардын «Баланын коомдун жашоосуна активдүү катышуу укугун ишке ашыруу жөнүндө КМШга мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы» деген темадагы баяндамалары кирди. 

Отурумдун алкагында Балдар кеңешинин 2025–2027-жылдарга карата иш планы бекитилип, ошондой эле Балдар кеңешинин экинчи отурумун 2025-жылдын күзүндө Казакстанда өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин балдарга Минск шаарындагы Улуттук көркөм чыгармачылык жана жаштар борборунда концерт тартууланды. 

Ошондой эле катышуучулар Минск шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуш музейине барышты, бул программанын маанилүү бөлүгү болуп, балдарга тарыхый мурас менен таанышууга мүмкүндүк берди.