Бишкек, 23.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Улуттук инвестициялык фонд» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин жыйынын өткөрдү.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын апрель айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «КР Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Министрлер кабинети фонддун 100 пайыздык акционери болуп саналат.
Фонддун директорлор кеңешинин төрагасы н Министрлер кабинетинин төрагасы болуп саналат. Министрлер кабинетинин башчысы Улуттук инвестициялык фонддун алдына чоң милдеттер коюлганын белгиледи. Ал корпоративдик башкаруунун натыйжалуу тутумун түзүүнүн, алдыңкы ачык-айкындуулук жана отчеттуулук стандарттарын киргизүүнүн, ошондой эле потенциалдуу инвесторлор тарабынан ишенимдин жогорку деңгээлин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Фонд мамлекеттик активдерди консолидациялоо жана алардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча ишенимдүү курал болушу керек», - деди Адылбек Касымалиев. Жыйындын жүрүшүндө Фонддун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, уюштуруу-структуралык мүнөздөгү маселелер каралды.
Директорлор кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Атап айтканда, фонддун алдында стартаптарды колдоо фондун түзүү, Фонддун «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун уюштуруучусу катары чыгуусу, ошондой эле ААКтын уставына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү чечимдер кабыл алынды.