Минкабда климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, "жашыл" экономика маселелери талкууланды

Министрлер кабинети 19 Сентябрь 2025 17:50
68cd3e9e81c6f.jpeg
68cd3e97cd480.jpeg
68cd3e894210f.jpeg
68cd3e983962a.jpeg
68cd3e98394cc.jpeg
68cd3e85883e2.jpeg
68cd3e9865a06.jpeg
68cd3e987ab5f.jpeg
68cd3e97d493d.jpeg
Алдыга
Артка
68cd3e9e81c6f.jpeg
68cd3e97cd480.jpeg
68cd3e894210f.jpeg
68cd3e983962a.jpeg
68cd3e98394cc.jpeg
68cd3e85883e2.jpeg
68cd3e9865a06.jpeg
68cd3e987ab5f.jpeg
68cd3e97d493d.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" Экология, климаттын өзгөрүшү жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңештин биринчи жыйыны өттү. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетекчилик кылды.

Белгилей кетсек, бул координациялык кеңеш – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишин координациялоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн. 

Отурумда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин координациясынын алкагында жүргүзүлгөн азыркы климаттык өзгөрүүлөргө байланышкан баяндамасы угулду.

Тагыраагы өндүрүш жана башка объекттерден абага буу менен (парник газы) бөлүнүп чыккан газды азайтуу, аны сиңирүү жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине адаптация боюнча максаттарды аныктаган баяндама каралып, координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Ал документ – Улуттук деңгээлде аныкталган салым жана биринчи Эки жылдык ачыктык (транспаренттүүлүк) боюнча отчет. 

Министрлер кабинети климаттык саясатты 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында да камтыган. Улуттук деңгээлде аныкталган салымынын жетишкендиктери жакынкы арада өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-жылдык мааракелик сессиясында белгиленет.