Минкаб ЖОЖдордо үч багыт боюнча сырттан окууга убактылуу тыюу салды

Министрлер кабинети 1 июль 2025 12:55
Минкаб ЖОЖдордо үч багыт боюнча сырттан окууга убактылуу тыюу салды

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Кыргызстанда жогорку окуу жайларда үч багыт боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

2025-2026-окуу жылына төмөнкү багыттар боюнча сырттан окуу формасына кабыл алууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилди.

  • "Юриспруденция" (бакалавр, магистр);
  • "Экономика" (бакалавр, магистр);
  • "Менеджмент" (бакалавр, магистр).

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.