Бишкек 08.06.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өз сөзүндө Минкаб башчысы жеңил өнөр жайынын 90%дан ашыгын тигүү өндүрүшү түзөрүн белгиледи.
"Жеңил өнөр жайы — биздин экономикабыздын маанилүү тармактарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө ал өлкөнүн өнүгүшүндө негизги ролду ойноп, калкты жумуш менен камсыз кылуунун маанилүү фактору жана өлкөнүн калкынын олуттуу бөлүгүнүн кирешесинин булагы болуп калды", - деп билдирди Касымалиев.
Минкаб жетекчиси кошумчалагандай, ата мекендик продукциялар ички жана эл аралык рыноктордо ишенимдүү орунду ээлеп, ал эми электрондук сооданын өнүгүшү өндүрүүчүлөрүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кеңейтти — Кыргызстандын ишканаларынын товарлары дүйнөдөгү ири маркетплейстерде ийгиликтүү сатылып, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнүн ишенимине жана урматтоосуна ээ болууда.
"Жыл сайын тармактын өнүгүү көрсөткүчтөрү жакшырууда. 2024-жылдын натыйжасы боюнча текстиль, кийим-кече, бут кийим, теринин жана башка териден жасалган буюмдардын өндүрүшү 20,5 млрд сомго жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 15%га өстү. Анын ичинде кийим-кече өндүрүшүнүн үлүшү 85%, текстиль өндүрүшүнүн үлүшү 12% түздү.
2024-жылы жеңил өнөр жайында 130 миңге жакын адам эмгектенген, алардын көпчүлүгү — кийим-кече өндүрүшүндө. Бул жеңил өнөр жайы жогорку экономикалык көрсөткүчтөрдү гана камсыз кылбастан, социалдык маанилүү ролду да ойноп, миңдеген кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүп жатканын көрсөтөт", - деп белгиледи Касымалиев.