Минкаб төрагасы Өзгөндө бир катар объекттердин ачылышына катышты

Министрлер кабинети 22 май 2025 12:50
682ec4ad564ae-thumb.jpeg
682ec4aec6df0-thumb.jpeg
682ec4bb50b3c-thumb.jpeg
682ec4bd062d0-thumb.jpeg
682ec4e8e7e32-thumb.jpeg
682ec8f37ce6c-thumb.jpeg
682ec49d15242-thumb.jpeg
682ec49e209dd-thumb.jpeg
682ec85a1927f-thumb.jpeg
682ec502edef1-thumb.jpeg
682ec507d577d-thumb.jpeg
682ec851b47cd-thumb.jpeg
682ec851e7b3e-thumb.jpeg
682ec854a5e9d-thumb.jpeg
682ec855d99bf-thumb.jpeg
682ec858de90c-thumb.jpeg
682ec5021d55e-thumb.jpeg
682ec5024c321-thumb.jpeg
682ec5043c4fc-thumb.jpeg
682ec5057bc2c-thumb.jpeg
682ec5096bc5b-thumb.jpeg
682ec8576d497-thumb.jpeg
682ec8587b3ce-thumb.jpeg
682ec50422f9b-thumb.jpeg
682ec85522f59-thumb.jpeg
682ec85694b3e-thumb.jpeg
682ec85806acc-thumb.jpeg
682ec508089dd-thumb.jpeg
682ec853668f2-thumb.jpeg
682ec8578127b-thumb.jpeg
682ec50626977-thumb.jpeg
682ec85320094-thumb.jpeg
682ec4ac6b0af-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
682ec4ad564ae-thumb.jpeg
682ec4aec6df0-thumb.jpeg
682ec4bb50b3c-thumb.jpeg
682ec4bd062d0-thumb.jpeg
682ec4e8e7e32-thumb.jpeg
682ec8f37ce6c-thumb.jpeg
682ec49d15242-thumb.jpeg
682ec49e209dd-thumb.jpeg
682ec85a1927f-thumb.jpeg
682ec502edef1-thumb.jpeg
682ec507d577d-thumb.jpeg
682ec851b47cd-thumb.jpeg
682ec851e7b3e-thumb.jpeg
682ec854a5e9d-thumb.jpeg
682ec855d99bf-thumb.jpeg
682ec858de90c-thumb.jpeg
682ec5021d55e-thumb.jpeg
682ec5024c321-thumb.jpeg
682ec5043c4fc-thumb.jpeg
682ec5057bc2c-thumb.jpeg
682ec5096bc5b-thumb.jpeg
682ec8576d497-thumb.jpeg
682ec8587b3ce-thumb.jpeg
682ec50422f9b-thumb.jpeg
682ec85522f59-thumb.jpeg
682ec85694b3e-thumb.jpeg
682ec85806acc-thumb.jpeg
682ec508089dd-thumb.jpeg
682ec853668f2-thumb.jpeg
682ec8578127b-thumb.jpeg
682ec50626977-thumb.jpeg
682ec85320094-thumb.jpeg
682ec4ac6b0af-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы бир катар социалдык объекттердин жана заводдун ачылышына катышты.

Алгач минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөн шаарындагы капиталдык ремонттон өткөрүлүп жаңыланган “Айчүрөк” кинотеатрынын ачылышына катышты.

“Маданият – элдин руханий негизи. Аны өнүктүрүү аркылуу гана биз келечектеги сапаттуу муундарды түптөй алабыз. Ошондуктан Өзгөн шаарынын элине жана конокторуна заманбап кинотеатрды ишке берүү бүгүнкү заманыбыздын талабы болууда. Өзгөн шаарындагы өзгөрүүлөр "Айчүрөк" кинотеатрынын жаңыланып ачылышы менен чектелбейт. Шаарда таза суу жана агынды суу системалары жаңыдан курулуп жатат. Мындан сырткары борбордук стадион курулууда. Шаардын жолдору дагы жаңыланып асфальт төшөлөт”, — деди Адылбек Касымалиев. 

Белгилей кетсек, 1974-жылы курулган бул кинотеатрдын имараты капиталдык ремонтко жана заманбап техникалык жабдууларга муктаж болуп келген. Оңдоо иштери үчүн жергиликтүү бюджеттин, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун, облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен 38 млн сом бөлүнгөн. Кинотеатр жалпы 350дөн ашуун орунга ылайыктуу.

Андан соң минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Мырза-Аке айыл аймагындагы 60 орундуу 3 кабаттуу жаңы оорукананын ачылыш аземине катышты.

“Өзгөчө көңүл бура турган нерсе – бул оорукананын жергиликтүү элге жакын болгону. Министрлер кабинети тарабынан аралыктары 100 чакырым болгон аймактарда бирден хирургия бөлүмү бар оорукана уюштуруу керек деген максат коюлган. Андан алыс болгондо оорулуу адам убагында жеткирилбей анын өмүрүн сактап калуу ыктымалы азаят. Биз ушул максатка жетүү үчүн улам бир жаңы кадам жасап жатабыз”, — деп белгилеген Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле мамлекет саламаттык сактоо чөйрөсүндө материалдык-техникалык база менен бирге дарыгерлер да жетиштүү болуп, алардын квалификациясы жогору болуусуна кам көрүп жатканын кошумчалады. 

“Дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууга жетиштүү көңүл бурулуп, медициналык окуу жайларындагы окуунун сапаты кыйла жакшырганын канааттануу менен белгилеп кетем. Ден соолугу бекем эл — күчтүү мамлекеттин тиреги. Бул оорукана жергиликтүү элге жакын жерден сапаттуу дарылануу мүмкүнчүлүгүн түзүп, жашоо сапатын жогорулатууга салым кошот”, — деди ал. 

Белгилей кетсек, оорукананы курууга мамлекеттик бюджеттин эсебинен 132 млн сом каржыланып, 21 млн сомго заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалды.

Мындан тышкары, минкаб төрагасы Өзгөн районунун Кароол айыл аймагындагы кыш чыгаруучу заводдун ачылышына катышты. Бул завод үстүбүздөгү жылы ишке бериле турган 128 ишкананын бири. 

“Ар бир жаран үйлүү болсо, деген президенттин асыл тилегин ишке ашыруу максатында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көтөрдүк. Анын алкагында бир катар көп кабаттуу үйлөр салынып жатат. Буга кошумча биздин жарандар тапкан каражаттарын жеке үй салууга сарптап жатышат. Андыктан курулуш материалдарына болгон суроо-талап көп болууда. Бүгүнкү ишке киргизилип жаткан кыш заводу бул маселени чечүүгө өзүнүн салымын кошот”, - деди Адылбек Касымалиев. 

Ишкананы курууга “Иман Билдинг" ЖЧКсы тарабынан 4 млн доллар каржыланды. Жалпы аянты 5,0 гектар жерге курулган заводдон күнүнө 120 миңдей сапаттуу кыш чыгарылып, мында жергиликтүү тургундар жумуш оруну менен камсыз болот.