Минкаб төрагасы Өзбекстандын президенти менен жолугушту

Министрлер кабинети 10 июнь 2025 22:50
13f14ca8-08e0-47a9-a93c-c8fae19dc510.jpeg
IMG_7649.jpeg
IMG_7654.jpeg
13f14ca8-08e0-47a9-a93c-c8fae19dc510.jpeg
IMG_7653.jpeg
IMG_7651.jpeg
IMG_7650.jpeg
IMG_7655.jpeg
Алдыга
Артка
13f14ca8-08e0-47a9-a93c-c8fae19dc510.jpeg
IMG_7649.jpeg
IMG_7654.jpeg
13f14ca8-08e0-47a9-a93c-c8fae19dc510.jpeg
IMG_7653.jpeg
IMG_7651.jpeg
IMG_7650.jpeg
IMG_7655.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Ташкент шаарында өтүп жаткан Эл аралык инвестициялык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Жолугушуунун башында Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атынан Өзбекстандын лидерине жылуу саламын жана жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

Тараптар кыргыз-өзбек достук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, аймактар аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда энергетика жана транспорт коммуникациялары тармагындагы ири аймактык долбоорлорду ыкчам ишке ашыруу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Атап айтканда, Камбар-Ата 1 ГЭСи жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле быйыл өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны менен Өлкөлөрдүн аймак башчыларынын кеңешин жогорку деңгээлде өткөрүүнүн мааниси баса белгиленди.