Минкаб төрагасы америкалык жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 24 Апрель 2025 15:30
680a01f22257b-thumb.jpeg
680a01f80471e-thumb.jpeg
680a01fa29032-thumb.jpeg
680a01fc56490-thumb.jpeg
680a01fde6c14-thumb.jpeg
680a01fee7f44-thumb.jpeg
680a020d521c7-thumb.jpeg
680a020e0da86-thumb.jpeg
680a021ccf67e-thumb.jpeg
680a021d4512f-thumb.jpeg
680a0200edf8a-thumb.jpeg
680a0208d7a72-thumb.jpeg
680a0211c33be-thumb.jpeg
680a0219beae4-thumb.jpeg
680a0219c0a0f-thumb.jpeg
680a0222a3b52-thumb.jpeg
680a0225e24a3-thumb.jpeg
680a02034ba1d-thumb.jpeg
680a02087c8c6-thumb.jpeg
680a02130c94a-thumb.jpeg
680a02150a4f5-thumb.jpeg
680a02165a58a-thumb.jpeg
680a02265afb0-thumb.jpeg
680a020394cec-thumb.jpeg
680a022233dee-thumb.jpeg
680a020657943-thumb.jpeg
680a021036332-thumb.jpeg
680a01f5b7b9b-thumb.jpeg
680a01f815c87-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
680a01f22257b-thumb.jpeg
680a01f80471e-thumb.jpeg
680a01fa29032-thumb.jpeg
680a01fc56490-thumb.jpeg
680a01fde6c14-thumb.jpeg
680a01fee7f44-thumb.jpeg
680a020d521c7-thumb.jpeg
680a020e0da86-thumb.jpeg
680a021ccf67e-thumb.jpeg
680a021d4512f-thumb.jpeg
680a0200edf8a-thumb.jpeg
680a0208d7a72-thumb.jpeg
680a0211c33be-thumb.jpeg
680a0219beae4-thumb.jpeg
680a0219c0a0f-thumb.jpeg
680a0222a3b52-thumb.jpeg
680a0225e24a3-thumb.jpeg
680a02034ba1d-thumb.jpeg
680a02087c8c6-thumb.jpeg
680a02130c94a-thumb.jpeg
680a02150a4f5-thumb.jpeg
680a02165a58a-thumb.jpeg
680a02265afb0-thumb.jpeg
680a020394cec-thumb.jpeg
680a022233dee-thumb.jpeg
680a020657943-thumb.jpeg
680a021036332-thumb.jpeg
680a01f5b7b9b-thumb.jpeg
680a01f815c87-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев экономиканын түрдүү тармактарындагы америкалык ири корпорациялардын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды.

«Боинг» компаниясынын аймактык директору Павел Чичко менен жолугушууда Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын модернизациялоо жана транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү камтыган авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасалды.

IBM компаниясынын мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу боюнча вице-президенти Майк Харни менен мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, процесстерди оптималдаштыруу жана кыргыз экономикасын санариптештирүүнү тездетүү үчүн алдыңкы IT чечимдерди жана IBM технологияларын ишке киргизүү боюнча конкреттүү кадамдар талкууланды. Киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

“Starlink” компаниясынын директору Ребекка Хантер менен жолугушууда Кыргызстандын бүткүл аймагында, анын ичинде тоолуу жана алыскы райондордо Starlink спутниктеринин алдыңкы технологияларын колдонуу менен жогорку ылдамдыктагы интернетке кеңири жеткиликтүүлүктү камсыздоонун практикалык аспектилери талкууланды.

"White & Case LLP" юридикалык фирмасынын өнөктөшү Мэттью Дроссос менен Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду укуктук жактан колдоо, ири эл аралык компанияларды тартуу үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестициянын туруктуулугун камсыз кылуу максатында инвесторлордун укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды жакшыртуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери талкууланды.

SinoPowell компаниясынын негиздөөчүсү аткаруучу директору Стивен Пауэлл менен пайдалуу кендерди казып алуу тармагындагы долбоорлорго инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, маанилүү пайдалуу кендердин кендерин иштетүү боюнча сүйлөшүү болду.

Cove Capital компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Пини Алтаус менен жолугушууда Кыргызстандын энергетика тармагына, ошондой эле маанилүү кендерди казып алуу жана кайра иштетүүгө байланышкан долбоорлорго инвестиция тартуунун келечеги талкууланды.

Бардык жолугушуулардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эң жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө, инвесторлордун укуктарын коргоого кепилдик берүүгө жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө бекем ниетин баса белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстан экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алдыңкы технологияларды, билимди жана капиталды тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жумушчу сапарынын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле финансылык операциялар чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбаларды жана технологияларды изилдөө максатында «VISA» (Visa) компаниясынын процессингдик борборунун иши менен таанышты.