Минкаб төрагасы Тяньцзин шаарында ТВЕА корпорациясынын жетекчилиги менен жолукту

Министрлер кабинети 25 Июнь 2025 13:42
685b5eccbf40e.jpeg
685b5ee53c737.jpeg
685b5edc475cf.jpeg
685b5ed7abf2a.jpeg
685b5ed8f142a.jpeg
Алдыга
Артка
685b5eccbf40e.jpeg
685b5ee53c737.jpeg
685b5edc475cf.jpeg
685b5ed7abf2a.jpeg
685b5ed8f142a.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек 25.06.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуунун алкагында Кытайдын ТВЕА корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Син баштаган делегация менен жолукту.

Минкаб төрагасы ТВЕА корпорациясы көп жылдардан бери Кыргызстанда энергетикалык долбоорлорду ишке ашырып келе жатканын белгиледи. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана республиканын энергетика тармагынын кубаттуулугун жана потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.