Минкаб төрагасы Талас облусун өнүктүрүү программасы менен таанышты

Президент 1311 21 Май 2025 15:35
682d90a39976d-thumb.jpeg
682d90afb757d-thumb.jpeg
682d90beef6ae-thumb.jpeg
682d90bb71b59-thumb.jpeg
682d90c8d1102-thumb.jpeg
682d90cae75d4-thumb.jpeg
682d90d7d2a50-thumb.jpeg
682d90d8332ba-thumb.jpeg
682d90d095249-thumb.jpeg
682d90debd5a9-thumb.jpeg
682d90e0a253e-thumb.jpeg
682d90e4a3d0f-thumb.jpeg
682d90e6905cf-thumb.jpeg
682d90f0d22e3-thumb.jpeg
682d90f50fe1d-thumb.jpeg
682d90fe4b3f7-thumb.jpeg
682d9352d7835-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
682d90a39976d-thumb.jpeg
682d90afb757d-thumb.jpeg
682d90beef6ae-thumb.jpeg
682d90bb71b59-thumb.jpeg
682d90c8d1102-thumb.jpeg
682d90cae75d4-thumb.jpeg
682d90d7d2a50-thumb.jpeg
682d90d8332ba-thumb.jpeg
682d90d095249-thumb.jpeg
682d90debd5a9-thumb.jpeg
682d90e0a253e-thumb.jpeg
682d90e4a3d0f-thumb.jpeg
682d90e6905cf-thumb.jpeg
682d90f0d22e3-thumb.jpeg
682d90f50fe1d-thumb.jpeg
682d90fe4b3f7-thumb.jpeg
682d9352d7835-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында регионду өнүктүрүү программасы менен таанышты. 

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев инфраструктураны жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, Талас шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнгөн. Азыркы учурда шаардын жолдорун жана тротуарларды (54 км) куруу, борбордук аянтты реконструкциялоо, суу менен камсыздоо системасын (7,4 км), көчөлөрдү жарыктандыруу системасын куруу, асфальт-бетон, темир-бетон жана таш  майдалоочу заводдорду куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө ири логистикалык борборду, оюн-зоок паркын, заманбап эс алуу зонасын куруу, "Манас Ордо" комплексин реконструкциялоо, вокзалды жана борбордук базарды куруу пландары тууралуу айтылды. Ошондой эле Шекер айылында жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган комплексти реконструкциялоо пландалууда, долбоор боюнча кинозал, мейманкана, китепкана жана музей курулмакчы. 

Министрлер кабинетинин  төрагасы Адылбек Касымалиев аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган программаларды ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сапардын жыйынтыгында бир катар долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу жана алардын натыйжалуу аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексине барды.