Минкаб төрагасы россиялык инвесторлорду өнөр жай долбоорлоруна катышууга чакырды

Министрлер кабинети Загрузка... 11 Ноябрь 2025 17:10
6912fa0ed49e8-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. "Россиялык инвесторлорду өнөр жай зоналарынын жана индустриалдык парктардын аянтчаларында долбоорлорго катышууга чакырабыз", - деп билдирди Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия комиссиясынын 26-жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

Минкаб башчысы өз сөзүндө Кыргызстан Россияны өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүдөгү негизги өнөктөш катары карай турганын белгиледи.

“Курулуш тармагында инновациялык материалдарга жана инфраструктуралык чечимдерге суроо-талап жогору. Биз россиялык инвесторлорду өнөр жай зоналарынын жана индустриалдык парктардын аянтчаларында долбоорлорго катышууга чакырабыз, ийкемдүү шарттарды, салыктык жеңилдиктерди жана административдик колдоону сунуштайбыз”, - деди ал.