Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйыны болуп өттү.
Жыйынды Кыргызстан тараптан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, ал эми Россия тараптан өкмөттүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жетектеди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия делегациясына салам айтып, бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганынын 25 жылдыгына карата өтүп жатканын баса белгиледи.
"Лидерлерибиздин мыкты саясий эркинин аркасында кыргыз-россия мамилелери ырааттуу түрдө чыңдалып, кызматташтык жаңы мазмун жана жаңы багыттар менен байып жатат. Россия – Кыргызстандын ишенимдүү союздашы жана стратегиялык өнөктөшү. Лидерлерибиздин жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген бардык макулдашууларды өз убагында аткаруу – биздин башкы милдетибиз жана өкмөттөрүбүздүн милдети", — деди ал.
Өз кезегинде, Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Россия тарап биргелешкен демилгелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана учурдагы долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, оң динамиканы сактоонун жана практикалык иштин маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Жыйындын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.