Минкаб төрагасы Республикалык күйүк борборуна барды

Министрлер кабинети 17 Июнь 2025 13:00
68510dfa8ed04-thumb.jpeg
68510dfac0721-thumb.jpeg
68510dfb9b9fb-thumb.jpeg
68510dfb9b66f-thumb.jpeg
68510dfc2b033-thumb.jpeg
68510dfc2e11b-thumb.jpeg
68510dfc9cf1b-thumb.jpeg
68510dfceebc2-thumb.jpeg
68510dfd1cca9-thumb.jpeg
68510dfe7cf06-thumb.jpeg
68510dfe43a92-thumb.jpeg
68510dfa5c7b6-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68510dfa8ed04-thumb.jpeg
68510dfac0721-thumb.jpeg
68510dfb9b9fb-thumb.jpeg
68510dfb9b66f-thumb.jpeg
68510dfc2b033-thumb.jpeg
68510dfc2e11b-thumb.jpeg
68510dfc9cf1b-thumb.jpeg
68510dfceebc2-thumb.jpeg
68510dfd1cca9-thumb.jpeg
68510dfe7cf06-thumb.jpeg
68510dfe43a92-thumb.jpeg
68510dfa5c7b6-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борборуна барды. 

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы бейтаптардын жашоо шарттары, мекеменин материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышып, медициналык персонал менен баарлашты. Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор учурда модернизациялоого муктаж экендиги аныкталды: палаталар оорулуулар үчүн тийиштүү деңгээлдеги ыңгайлуулукту камсыз кылбайт, ал эми медициналык жабдуулар жана медициналык багыттагы буюмдар эскирип, заманбап талаптарга жооп бербейт. 

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Адылбек Касымалиевге борбордун курамында 36 керебет, анын ичинде 6 керебет интенсивдүү терапия бөлмөлөрүндө бар экендигин маалымдады. Мекеме республиканын бардык аймагынан келген эң оор жана өтө оор бейтаптарга жардам көрсөтүп, аларды дарылоону жана андан кийинки реабилитацияны камсыз кылат.

«Жыл сайын борбордо орто эсеп менен 1700гө жакын бейтап дарыланат. Медициналык жардам күнү-түнү, анын ичинде шашылыш түрдө көрсөтүлөт», — деп белгиледи министр.

Мекеменин абалы менен таанышкандан кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасы мекеменин материалдык-техникалык базасын тез арада жаңылоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи. «Борбордогу жабдуулар, түз айтканда, революцияга чейинки. Ал моралдык жана физикалык жактан эскирген жана толугу менен алмаштырууга тийиш», — деди Адылбек Касымалиев, медициналык мекеменин учурдагы абалына олуттуу тынчсыздануусун билдирип.

Белгиленген көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында Министрлер кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министрлигине, Финансы министрлигине жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине имаратты капиталдык оңдоо жана заманбап жабдууларды сатып алуу үчүн зарыл болгон деталдуу финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү кыска мөөнөттө даярдоону жана берүүнү тапшырды. Адылбек Касымалиев жарандарды дарылоо үчүн тийиштүү шарттарды жана медицина кызматкерлеринин татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.