Минкаб төрагасы Нарында бир катар объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 16 Апрель 2025 15:25
67ff6d68bb945-thumb.jpeg
67ff725f608e1-thumb.jpeg
67ff6d6b8c313-thumb.jpeg
67ff6d6d3a958-thumb.jpeg
67ff6d6d13550-thumb.jpeg
67ff6d69ca748-thumb.jpeg
67ff6d698bbdb-thumb.jpeg
67ff725f2da95-thumb.jpeg
67ff725f608e1-thumb.jpeg
67ff7260c4e5b-thumb.jpeg
67ff7261b2598-thumb.jpeg
67ff72601d245-thumb.jpeg
67ff726185ad3-thumb.jpeg
67ff7263055c0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67ff6d68bb945-thumb.jpeg
67ff725f608e1-thumb.jpeg
67ff6d6b8c313-thumb.jpeg
67ff6d6d3a958-thumb.jpeg
67ff6d6d13550-thumb.jpeg
67ff6d69ca748-thumb.jpeg
67ff6d698bbdb-thumb.jpeg
67ff725f2da95-thumb.jpeg
67ff725f608e1-thumb.jpeg
67ff7260c4e5b-thumb.jpeg
67ff7261b2598-thumb.jpeg
67ff72601d245-thumb.jpeg
67ff726185ad3-thumb.jpeg
67ff7263055c0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында алгач Кочкор районундагы автобекеттин курулуш иштери менен таанышты. 

Курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу минкаб төрагасына президенттин Нарын облусундагы өкүлү, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри айтып берди. 

Анда, жалпы аянты 1,5 гектар жерди ээлеген автобекет республикалык бюджеттин эсебинен 395,579 млн сомго курулууда. Учурда автобекеттин пайдубалы түптөлүүдө. 

Ошондой эле, Адылбек Касымалиев Нарын шаарынын ички жолдорунун жана Нарын-Баетов жолунун курулуш иштери менен таанышты. 

Маселен, Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 чакырым туурасы 24 метрди, Ж. Шералиев көчөсүнүн узундугу 2,2 чакырым туурасы 10,5 метрди түзгөн жолдо жасалып жаткан жумуштарга жолду кеңейтүү, асфальт төшөө, жолго жолтоо болгон объекттерди алуу иштери кирет. Ошондой эле узундугу 13 чакырым болгон жалпы 39 көчөгө асфальт төшөө долбоорун жасатуу жумуштары жүрүүдө. Ал эми, жалпы узундугу 84-120 чакырымды түзгөн Нарын-Баетов унаа жолунда да оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. 

Андан соң, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын аэропортунун курулуш иштери менен таанышты. Аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларын оңдоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Оңдоо иштери аяктагандан кийин жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тиешелүү шарттар түзүлүп, ички каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Иштин жүрүшүн жеринде көрүп чыккан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана планга киргизилген объекттерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын башчыларына жана курулуш компанияларынын жетекчилерине тапшырды.