Минкаб төрагасы Минскте Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду

Министрлер кабинети 28 Сентябрь 2025 20:45
68d93ccb2dde4-thumb.jpeg
68d93cd326c62-thumb.jpeg
68d93cd490732-thumb.jpeg
68d93ce9326de-thumb.jpeg
68d93ceeed288-thumb.jpeg
68d93cf94c815-thumb.jpeg
68d93cfd0efc1-thumb.jpeg
68d93d00f220e-thumb.jpeg
68d93d0ac394c-thumb.jpeg
68d93d111b08f-thumb.jpeg
68d93d111da94-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68d93ccb2dde4-thumb.jpeg
68d93cd326c62-thumb.jpeg
68d93cd490732-thumb.jpeg
68d93ce9326de-thumb.jpeg
68d93ceeed288-thumb.jpeg
68d93cf94c815-thumb.jpeg
68d93cfd0efc1-thumb.jpeg
68d93d00f220e-thumb.jpeg
68d93d0ac394c-thumb.jpeg
68d93d111b08f-thumb.jpeg
68d93d111da94-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон расмий сапарынын алкагында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду. 

Аземден кийин министрлер кабинетинин башчысы Минск шаарынын Октябрь районунун педагогикалык эмгек ардагерлер кеңешинин төрайымы Любовь Хвойницкая менен баарлашты. Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери кыргызстандык жоокерлердин элесин сактоого олуттуу салым кошуп келет. 

Жумаш Асаналиевдин эстелиги 2005-жылдын 1-июлунда Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин демилгеси менен орнотулган. Жумаш Асаналиев (1923-жылдын 10-майы — 1944-жылдын 25-июну) — 1-Прибалтика фронтунун 6-гвардиялык армиясынын 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык аткычтар полкунун пулемётчусу. 1944-жылы 25-июнда Витебск облусунда баатырдык көрсөткөн. Минск шаарында анын ысымы көчөгө жана орто мектепке ыйгарылган.