Минкаб төрагасы менен Беларустун премьер-министри кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Министрлер кабинети 29 Сентябрь 2025 15:05
68da44bb1e7a4.jpeg
68da44b142225-thumb.jpg
68da44b4be849.jpeg
68da44b350584-thumb.jpg
68da44b11c002-thumb.jpg
Алдыга
Артка
68da44bb1e7a4.jpeg
68da44b142225-thumb.jpg
68da44b4be849.jpeg
68da44b350584-thumb.jpg
68da44b11c002-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 29.09.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-беларусь күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Минкаб төрагасы беларус тарапка меймандостукта жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, боордош элдерди көп кылымдык байланыштар, жалпы тарыхый мурастар, тыгыз маданий-гуманитардык байланыштар байланыштырып турганын белгиледи.

“Кыргызстан менен Беларусь ар дайым ишенимдүү өнөктөштөр болуп келген жана бүгүн биз кызматташуубузду жаңы, жогорку деңгээлге көтөрүүгө даярбыз”, - деди ал.

Өз кезегинде Беларустун премьер-министри Александр Турчин, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин расмий жумуш сапары эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн тармактарында мындан аркы өнүгүүсүнө түрткү берип, бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берерин билдирди. 

Өкмөт башчылары кыргыз-беларусь кызматташтыгынын абалын талкуулап, келечектүү багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө умтула тургандыгын ырасташты.