Бишкек, 30.11.25. / Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму/Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун (ЕККУ/ДИАУБ) шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссиясынын башчысы Тамаш Месерич менен жолукту.
Ал белгилегендей, аткаруу бийлик органдары коомдук тартипти, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну, өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларында шайлоо комиссияларынын иштөөсү үчүн шарттарды камсыз кылуу менен чектелип, шайлоо процессине эч кандай кийлигишүүдөн толук карманды.
Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык өнөктөштөрүнүн корутундуларын жана сунуштарын кылдаттык менен карап жатканын белгиледи. Ал эртең жарыяланышы күтүлүп жаткан ЕККУ/ДИАУБ миссиясынын жыйынтыктоочу баяндамасында айтылган бардык сунуштар шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча мындан аркы иштерде эске алынарын ырастады.
Тамаш Месерич жолугушуу уюштурулганы жана конструктивдүү маалымат алмашуу болгону үчүн ыраазычылык билдирди.