Минкаб төрагасы Берлинге иш сапары менен барат

Министрлер кабинети 27 ноябрь 2025 19:19
Минкаб төрагасы Берлинге иш сапары менен барат
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Германиянын Берлин шаарына барат.

Сапардын алкагында ал “Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү” деген темада боло турган кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз тараптан Адылбек Касымалиевдин тең төрагалыгы алдында өтүүчү кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Адылбек Касымалиев Берлинге болгон жумуш сапарынын алкагында ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык логистикалык борборуна барат.