Бишкек, 27.09.25./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-29-сентябрында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барат.
Расмий сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Беларусь премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат.
Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлат.
Мындан тышкары, 29-30-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына, ошондой эле «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык жыйынына катышат.