Минкаб төрагасы Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Министрлер кабинети Загрузка... 07 Август 2025 13:52
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Жалал-Адад шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Маселен, "Асман резиденс 2" деп аталган үй 5 блоктон турат жана анын ар бири 9 кабаттуу үй болуп анда 450 батир болот. Заманбап бардык ыңгайлуу шартты камтыган турак жайдын курулуш иштеринин 90 пайызы аяктады. Бул үчүн республикалык бюджеттен бүгүнкү күнгө карата 1,6 млрд сом бөлүнгөн. 

Ал эми "Асман резиденс 3" турак жайы 1 блоктон турат, ал 9 кабат жана 135 батирлүү болот. Учурда сырткы көрүнүшү, ички жасалгалоосу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин 90 пайызы аяктаган. Бул турак жай үчүн учурга карата республикалык бюджеттен 400 млн сом бөлүнгөн.  

Курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыккан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекет тарабынан салынып жаткан турак жайлар чыныгы үйгө муктаж жарандарга берилээрин айтып, өлкөдө узак мөөнөттөн бери үйгө муктаж жарандарды турак жай менен камсыздоо маселеси мамлекеттин алдындагы негизги милдеттерден экенин, ошол себептүү мындай масштабдуу курулуш иштери республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жатканын билдирди.