Минкаб: Кафе-ресторандардын тейлөө акысын эсепке кошууга укугу жок

Министрлер кабинети Загрузка... 05 Февраль 2026 11:58
11.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Коомдук тамактануу жайларында тейлөө акысын алууга тыюу салуу керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал тиешелүү калькуляция бар экенин белгиледи.

"Биз учурда тейлөө чөйрөсү менен бул боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Алардын тейлөө акысын менюдагы тамак-аштын баасына кошуп коюуга укугу жок болчу. Мыйзамга ылайык, тейлөө үчүн сый акы берүү ыктыярдуу болушу керек. Демек, аны эсепке кошуу — бул керектөөчүлөрдүн укугун бузуу болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, акыркы убакта бул тармакта баалардын өсүү динамикасы абдан жогору болууда", - деди ал.