Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Камсыздандырылган калктын жана калктын жеңилдетилген категорияларынын амбулаториялык деңгээлде дары каражаттарына экономикалык жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Дарыкана уюмдары аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды.
Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтом менен төмөнкүлөр бекитилди:
- Дарыкана уюмдары аркылуу оорулуулардын жеңилдетилген категориясын амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дарыкана уюмдары аркылуу калктын камсыздандырылган категориясын жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
Жеңилдетилген дары каражаттар программасын башкаруу экиге бөлүндү: Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген категориядагы оорулууларды дары каражаттар менен камсыздоо Саламаттык сактоо министрлигине, ал эми камсыздандырылган категориядагы калкты дары каражаттар менен камсыздоо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлөт.