Минкаб башчысы Чолпон-Атадагы жолдорду жана пляжды реконструкциялоо иштерин текшерди

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 17 Апрель 2025 10:28
67ffb8f9ca898-thumb.jpeg
67ffb8fa1d4d5-thumb.jpeg
67ffb8fc36c04-thumb.jpeg
67ffb8fce4612-thumb.jpeg
67ffb8fe2eee2-thumb.jpeg
67ffb901d088b-thumb.jpeg
67ffb907ec487-thumb.jpeg
67ffb9039ef9b-thumb.jpeg
67ffb9088244a-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67ffb8f9ca898-thumb.jpeg
67ffb8fa1d4d5-thumb.jpeg
67ffb8fc36c04-thumb.jpeg
67ffb8fce4612-thumb.jpeg
67ffb8fe2eee2-thumb.jpeg
67ffb901d088b-thumb.jpeg
67ffb907ec487-thumb.jpeg
67ffb9039ef9b-thumb.jpeg
67ffb9088244a-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.25./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барып, бир катар объекттердин курулушу менен таанышты. 

Алгач Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүн жана Корумду-Балбай автожолун реконструкциялоо иштери менен таанышты. 

Маселен, Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүнүн жалпы узундугу 3,9 км, туурасы 16-26 метр. Өткөн жылы башталган оңдоо иштери быйыл бүткөрүлөөрү пландалууда. 

Жолду жаңылоо Чолпон-Ата шаарында ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү, транспорттук коопсуздукту сактоо, аймактык интеграцияны күчөтүү максатын көздөйт. Долбоор ишке ашырылса, жол инфраструктурасы заманбап талаптарга жооп берип, экономикалык активдүүлүк артып, эс алуучуларды тейлөө сапаты жогорулайт.

Ал эми Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки аралыктагы жолдун курулушу 2025-жылдын мартынан баштап жанданган, аяктоо мөөнөтү 2026-жылга пландалууда.

Андан соң, минкаб төрагасы Чолпон-Ата шаарынын Борбордук муниципалдык пляжын реконструкциялоо иштери менен таанышты. 

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланып жаткан реконструкциялоо иштерин 2025-жылдын июнь айына чейин бүткөрүү пландалууда. 

Курулуш иштери менен таанышып чыккандан кийин Адылбек Касымалиев, башталган бардык курулуш иштеринде сапатка көңүл бурулуп, жайкы туризмге чейин бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.