Минкаб башчысы: Быйыл кошумча 18 млрд сомдой каражат айлык акыны көтөрүүгө жумшалды

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Декабрь 2025 23:21
WhatsApp Image 2025-12-18 at 20.12.22.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Быйыл кошумча 18 млрд сомдой каражат айлык акыны көтөрүүгө жумшалды. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев узап бараткан жылдагы жетишкендиктер жана алдыдагы пландар тууралуу мамлекеттик телеканалдарга берген маегинде билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, өлкөдө айлык акылар 2024-жылдан бери көбөйтүлүүдө.

"Дарыгерлердин, мугалимдердин маянасы 10 пайыздан 130 пайызга чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле тейлөө кызматкерлеринин айлыгын быйыл көтөрдүк. Күч органдарынын айлыгы да жогорулатылды.

Быйылкы жылы кошумча 18 млрд сомдой каражат айлык акыны көтөрүүгө кетти", - деди минкаб жетекчиси.

Ошондой эле Касымалиев он жыл мурда бюджеттин көлөмү 115 млрд сомду түзсө, азыр айлык акылар эле 130 млрд сомго жеткенин айтып өттү.

"Мен 2015-2018-жылдары финансы министри болуп турганда 2015-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 115 млрд сом болчу. Бүгүнкү күндө бюджеттин ичинде айлыктын өлчөмү 130 млрд сомго жетти", - деп белгиледи ал.