Минкаб башчысы: Бажы кирешелери 5 жылда 6 эсеге өстү

Министрлер кабинети 30 Январь 2026 11:55
697c41ca1373d-thumb.jpg
697c41ca7360b-thumb.jpg
697c41ca14291-thumb.jpg
697c41ca73165-thumb.jpg
697c41cac49ca-thumb.jpg
697c41cac678a-thumb.jpg
697c41cb1b4a2-thumb.jpg
697c41cb1be2a-thumb.jpg
697c41cb71f0d-thumb.jpg
697c41cb7201b-thumb.jpg
697c41cbe232b-thumb.jpg
697c41cbe333c-thumb.jpg
697c41cc5a079-thumb.jpg
697c41cc5db98-thumb.jpg
697c41ccc3f44-thumb.jpg
697c41ccc545e-thumb.jpg
Алдыга
Артка
697c41ca1373d-thumb.jpg
697c41ca7360b-thumb.jpg
697c41ca14291-thumb.jpg
697c41ca73165-thumb.jpg
697c41cac49ca-thumb.jpg
697c41cac678a-thumb.jpg
697c41cb1b4a2-thumb.jpg
697c41cb1be2a-thumb.jpg
697c41cb71f0d-thumb.jpg
697c41cb7201b-thumb.jpg
697c41cbe232b-thumb.jpg
697c41cbe333c-thumb.jpg
697c41cc5a079-thumb.jpg
697c41cc5db98-thumb.jpg
697c41ccc3f44-thumb.jpg
697c41ccc545e-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиясынын 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынына катышты. 

Минкаб башчысы 2020-жылы Мамлекеттик бажы кызматы 28 млрд сом чогултса, 2025-жылы 157,4 млрд сом жыйналып, киреше дээрлик 6 эсеге өскөнүн белгилеп, мындай жетишкендикке “Смарт бажы” улуттук санариптик платформасынын иштей башташы өбөлгө болуп жатканын кошумчалады. 

“Эгерде биз убагында бажы системасын санарипке өткөрбөсөк, олуттуу ажырымдар боло бермек, ортодон далай “көмүскө миллионерлер” чыкмак”, - деп белгиледи Адылбек Касымалиев. 

Ал өз сөзүндө бажы төлөмдөрү республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төрттөн бир бөлүгүнөн ашыгын түзөөрүн, акыркы жылдары ар бир кызматкерге туура келген жүктөм кыйла өскөнүн белгиледи. 

“2021-жылы иштетилген декларациялардын саны 113 миңди түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 873 миңден ашты. Штаттык санды көбөйтпөстөн жетишилген мындай өсүш автоматташтыруунун, санариптештирүүнүн жана адам факторун четтетүүнүн натыйжасы болуп саналат. Ошол эле учурда укук коргоо блогунда аналитикалык ыкмаларга жана тобокелдиктерге негизделген башкарууну киргизүү бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын так аныктоого мүмкүндүк берди", - деди ал. 

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы кызматына бир катар тапшырмаларды, анын ичинде биринчи кезекте 2026-жылы бажы төлөмдөрү боюнча 142,6 млрд сом өлчөмүндөгү болжолдук көрсөткүчтөрдүн сөзсүз жана толук аткарылышын камсыз кылууну жана 2026-2030-жылдарга Кыргызстандын бажы кызматын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында камтылган милдеттер так аткарылуусун тапшырды.