Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Рогун ГЭСине барды

Министрлер кабинети 04 Март 2025 21:29
67c711304dcb0-thumb.jpeg
67c7115f1748a-thumb.jpeg
67c7118f3c564-thumb.jpeg
67c7119eadbef-thumb.jpeg
67c71151e07c9-thumb.jpeg
67c71163c5ecc-thumb.jpeg
67c71178d894f-thumb.jpeg
67c711302ebae-thumb.jpeg
67c7117462bb0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67c711304dcb0-thumb.jpeg
67c7115f1748a-thumb.jpeg
67c7118f3c564-thumb.jpeg
67c7119eadbef-thumb.jpeg
67c71151e07c9-thumb.jpeg
67c71163c5ecc-thumb.jpeg
67c71178d894f-thumb.jpeg
67c711302ebae-thumb.jpeg
67c7117462bb0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Тажикстанга бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Рогун гидроэлектростанциясына (ГЭС) барды.

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жеке өзү Кыргызстандын минкаб башчысы үчүн экскурсия өткөрдү, анын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев курулуштун жүрүшү, Борбор Азиядагы эң ири гидроэнергетикалык долбоордун масштабы, ошондой эле ГЭСтин жетекчилиги тарабынан берилген учурдагы абал, станциянын техникалык мүнөздөмөлөрү жана аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоодогу ролу жөнүндө маалымат менен таанышты.

Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу контекстинде гидроэнергетикалык объектти куруу тажрыйбасын изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

"Рогун ГЭСин курууда топтолгон тажрыйба биз үчүн чоң мааниге ээ. Бул жерде колдонулган технологияларды жана ыкмаларды изилдөө, албетте, өлкөбүздүн жана бүткүл региондун энергетикалык коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ Камбар-Ата ГЭС - 1 долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга жардам берет", - деп сөзүн жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.