Минкаб 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына сунуштарды чогулта баштады

Министрлер кабинети Загрузка... 26 Июнь 2025 11:35
yntymak-ordo-850x560.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны ишке ашыруу максатында министрлер кабинети тарабынан тиешелүү Иш-чаралар планын иштеп чыгуу башталды, ал орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүү максаттарына жетүүнүн негизги куралы болуп калат.

Мамлекеттик саясаттын чараларын пландаштырууга ар тараптуу жана ачык мамиле жасоонун маанилүүлүгүн эске алып, министрлер кабинети мамлекеттик кызматкерлерди, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүн, жарандык активисттерди, ишкерлерди жана бардык кызыкдар жарандарды аталган Планды түзүүгө катышууга чакырат.

Келип түшкөн сунуштарды системалаштыруу үчүн атайын формуляр иштелип чыкты, аны тиркемеден жүктөп алсаңыз болот. Толтурулган формулярды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүнү өтүнөбүз: plan2030@mail.gov.kg. 

"Сунуштар 2025-жылдын 31-июлуна чейин кабыл алынат. Бардык кайдыгер карабаган жарандарды жалпы ишке – өлкөбүздүн гүлдөгөн жана туруктуу келечегин курууга өз салымын кошууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.