Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Эмнелер талкууланды?

Министрлер кабинети 02 Июль 2025 09:20
6863e28e54d25-thumb.jpeg
6863e2a3bdcd6-thumb.jpeg
6863e2a3bdffe-thumb.jpeg
6863e2a4e754d-thumb.jpeg
6863e2a42a732-thumb.jpeg
6863e2a444c25-thumb.jpeg
6863e2a483eb4-thumb.jpeg
6863e2a3332d9-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6863e28e54d25-thumb.jpeg
6863e2a3bdcd6-thumb.jpeg
6863e2a3bdffe-thumb.jpeg
6863e2a4e754d-thumb.jpeg
6863e2a42a732-thumb.jpeg
6863e2a444c25-thumb.jpeg
6863e2a483eb4-thumb.jpeg
6863e2a3332d9-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. 

Отурумдун күн тартибине ылайык, министрлер кабинети менен бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдор менен түзүлгөн инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле министрлер кабинетинин токтомдорунун долбоорлору каралды. 

Анда, министрлер кабинетинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында генерациялануучу кубаттуулугу 1900 МВт күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу, күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Инвестициялык макулдашууну жактыруу максатында, минкабдын токтомун кабыл алышты. 

Бул багытта баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев күз-кыш мезгилинде 3-4 млрд кВт/саатка жеткен электр кубаттуулуктарынын жетишсиздиги өсүп жаткан учурда, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүү, Кыргызстандын энергетика тармагындагы негизги милдеттердин бири экенин билдирди.

Отурумдун соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кабыл алынган чечимдердин үстүндө дыкат иш алып барууну тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине тапшырды, ошондой эле, укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун президенттин администрациясына киргизүүдө укуктук ченемдик актылар менен белгиленген эрежелерди сактоого чакырды.