Адылбек Касымалиевге Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомду өздөштүрүү боюнча отчет берилди

Министрлер кабинети 3170 20 Март 2025 17:28
67dbefd191914-thumb.jpg
67dbefd040a48-thumb.jpg
67dbefd061bcc-thumb.jpg
67dbefcfc526e-thumb.jpg
67dbefcfbbf2b-thumb.jpg
67dbefce4ddce-thumb.jpg
67dbefcdc2c72-thumb.jpg
67dbefcd355ce-thumb.jpg
67dbefcc6791c-thumb.jpg
67dbefcc771bc-thumb.jpg
67dbefce41798-thumb.jpg
67dbefd379034-thumb.jpg
67dbefd2658f9-thumb.jpg
67dbefd244f3e-thumb.jpg
Алдыга
Артка
67dbefd191914-thumb.jpg
67dbefd040a48-thumb.jpg
67dbefd061bcc-thumb.jpg
67dbefcfc526e-thumb.jpg
67dbefcfbbf2b-thumb.jpg
67dbefce4ddce-thumb.jpg
67dbefcdc2c72-thumb.jpg
67dbefcd355ce-thumb.jpg
67dbefcc6791c-thumb.jpg
67dbefcc771bc-thumb.jpg
67dbefce41798-thumb.jpg
67dbefd379034-thumb.jpg
67dbefd2658f9-thumb.jpg
67dbefd244f3e-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун өздөштүрүүлүсү боюнча жеринде отчет берилди.

Өкмөттөн билдиришкендей, жумушчу сапардын жүрүшүндө минкаб башчысы “Кара-Балта жол курулуш” муниципалдык ишканасына барды.  Бул ишканага Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун эсебинен асфальт-бетон чыгаруучу заводду куруу, жол белгилерин жасоочу жана таш майдалоочу жабдууларды алуу каралган.

Ошондой эле Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун алкагына суу менен камсыздоо жана канализация системасын оңдоо, шаардагы сейил бактарды реконструкциялоо, иштери «Кербен» муниципалдык  базарын  түзүү, «Дан» мамлекеттик ишканасында макарон азыктарын өндүрүүнү жандандыруу, ички жолдорду оңдоо, санариптештирүү жана коомдук транспортторду сатып алуу киргизилген.

Мындан сырткары, Касымалиев Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин базасында борбордук стадионду жана мейманкананы реконструкциялоо иштери менен таанышты. Спорт комплексин реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча курулуш иштеринин негизги түрлөрү аяктады. Курулуш иштеринин калганы — чуркоо жолунун резина каптоосу, аны асфальттын бетине орнотуунун технологиясына байланыштуу, жай мезгилинде жасалат.

Муну менен катар Адылбек Касымалиев Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун алкагында курулуп жаткан бала бакчага барды. Бала бакчаны курууга 89 миллион сом жумшалган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун өздөштүрүүлүсү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга каражатты сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну эскертип, мерчемделген иш планды өз убагында аткарууну тапшырды.