Өлкөдө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү

Министрлер кабинети Загрузка... 20 Март 2025 15:25
WhatsApp Image 2025-03-20 at 13.43.45.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 20.03.25 /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” КР мыйзамынын 5-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Тескеме менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия жөнүндө жобо жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча региондук комиссия жөнүндө типтүү жобо бекитилди.

Ага ылайык, КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) аткаруу бийлигинин аймактык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин координациялоо боюнча ишти жогоруда аталган Типтүү жобонун ченемдерине ылайык уюштурат.