Министрлер кабинети мезгилдик жумуштардын тизмесин бекитти

Министрлер кабинети Загрузка... 25 Ноябрь 2025 17:00
1025905556_0_149_3936_2624_1920x0_80_0_0_7f0bd8d6ce632d0c1ee99c1f7916bdd6.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Министрлер кабинети мезгилдик жумуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Мезгилдик жумуштардын тизмесине: 

  • айыл чарба жумуштары;
  • кант кызылчасынан кумшекер чыгаруу менен түздөн-түз байланышкан иштер;
  • мал көп союлган мезгилде этти кайра иштетүү менен байланышкан иштер;
  • мөмө-жемиштер, жер-жемиштер жана жашылчалар тегиз бышкан мезгилде аларды жыйноо жана кайра иштетүү менен байланышкан иштер;
  • жылытуу системаларын, анын ичинде мештерди, казандарды жана башка түзүлүштөрдү тейлөө менен байланышкан иштер;
  • өсүмдүктөргө, газондорго кам көрүү боюнча иштер жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн жана аймактын эстетикасын колдоо менен байланышкан башка иштер;
  • коноктордун кийимдерин жана жеке буюмдарын кабыл алуу, сактоо жана берүү менен байланышкан иштер;
  • өсүмдүктөрдү сугаруу, сугат системаларын орнотуу жана тейлөө, кыртыштын нымдуулугун контролдоо жана жабдууларды тейлөө боюнча иштер;
  • токой чарбасындагы иштер;
  • геологиялык чалгындоо жана ага байланыштуу иштер;
  • геологиялык тармакта, тоо-кен өнөр жайында жана өндүрүштүн башка тармактарында тоо-кен, бургулоо жана маркшейдердик иштер кирет. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.