Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинети индустриалдык парктар жөнүндө жобону бекитти.
Токтом ишке тартылган мамлекеттик органдарга тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
Индустриялык парктар жөнүндө жобо “Технологиялык парктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27, 28-беренелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана индустриялык парктарга, индустриялык парктардын башкаруу компанияларына жана индустриялык парктын резиденттерине талаптарды белгилейт.
Министрлер кабинетинин чечими менен индустриалдык паркты түзүү жана колдоо максатында:
- индустриялык парктын башкаруу компаниясы аныкталат;
- индустриялык парктын башкаруу компаниясына индустриялык паркты түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте жер участоктору бөлүнөт;
- “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык индустриялык парктын башкаруу компаниясы менен министрлер кабинетинин ортосунда инвестициялык макулдашуу түзүлөт.
Индустриялык парктын резиденттеринин ишин жүзөгө ашыруу тартиби жана шарттары башкаруу компаниясы менен индустриялык парктын резидентинин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.