Министрлер кабинети 2025-жылдын ири чыгашаларын атады

Министрлер кабинети Загрузка... 23 Декабрь 2025 12:22
WhatsApp Image 2025-12-23 at 12.22.12.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.12.25. / Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин бириккен отурумунда 2025-жылдын ири чыгашаларынын айрымдарына токтолуп, канча каражат бөлүнгөндүгүн маалымдады.

Маалымдалгандай, аталган багыттарга төмөнкүдөй ири каражаттар бөлүнгөн:

  • “Элдик Банкты" капиталдаштырууга 66,5 млрд сом;
  • энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 57,1 млрд сом;
  • Мамлекеттик ипотекалык компанияга 49,9 млрд сом;
  • Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун курууну каржылоого 7,6 млрд сом;
  • Камбар-Ата 1 ГЭСине 1,1 млрд сом;
  • капиталдык салымдарга 10 млрд сом 51,7 млрд сомго чейин көбөйтүлгөн.

Касымалиев кошумча түшкөн кирешелердин негизги бөлүгү реалдуу секторго жумшалгандыгын кошумчалады.