Кыргызстанда сандан сапатка өтүү максатында асыл тукум мал өстүрүүгө болгон кызыгуу өсүүдө. Айрыкча акыркы жылдары баасы жана сапаты менен айырмаланган Арашан койлору фермерлердин көңүл чордонунда. Баасы асман чапчыган Арашан койлорунун жөнөкөй койлордон айырмачылыгы жана эмне себептен кымбат бааланышы тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Кыргыз кой багуучулардын коомдук бирикмесинин төрагасы Мирлан Сатыбеков маек берди.
— Арашан койлорун багууга эмне себептен кызыгып калдыңыз, ага чейин мал-жандык багып келдиңиз беле?
— Бала кезден эле мал багып, сандан сапатка өтсөк деген оюм бар эле. Мисалы, жөнөкөй койлорду эт багытында эле багып келгенбиз. Ал эми асыл тукум мал башка баа менен бааланып, өзгөчө багууну талап кылат экен. Бирок жөнөкөй эт багытындагы малга караганда, асыл тукум малдын кирешеси 5-10 эсе көбүрөк. Ошондуктан учурда сандан сапатка өтүү багытына өзгөчө басым жасалууда. Алсак, миң кой бакканча, жүз кой баксаң, кирешеси ошондой болот. Миң кой бакканча, жүз кой баккан оңой эмеспи.
Бирок малдын түрү кандай гана болбосун, асыл тукум мал табиятынан бир аз назик келет. Арашан койлору тууралуу айтсак, өзгөчө багууну талап кылат. Төлдөө учурунда да жакшылап караш керек. Мисалы, биздин козулар 4-12 кг чейинки салмакта туулуп жатат. Жем-чөп жегени да жөнөкөй койлорго салыштырганда көбүрөк, бирок өзүн-өзү актайт.
— Арашан койлорунун келип чыгышы тууралуу айтып берсеңиз?
— Союз учурунда биз жүн багытындагы койлорго өтүп кеткенбиз. Ал кезде кыргыздын куйруктуу койлору жокко эсе болуп калган. Чынын айтканда, ошол кезде уйгур, дунган улутундагы жарандарыбыз 10-20дан куйруктуу кыргыз койлорун багышып, тукумун сактап калган экен. 1970-жылдары Кант шаарына Тажикстандан гиссар койлору алынып, аны биздин куйруктуу койлор менен аргындаштырып, бүгүнкү күндөгү Арашан койлордун тукуму алынган.

Бирок расмий түрдө Арашан кой тукумунун катталганына туура 5 жыл болду. Белгилей кетсем, 2018-жылы Казакстандын Чымкент шаарында өткөн фермердик көргөзмөдө тажикстандыктар биздин Арашан койлорду көрүп, гиссар эмес экенин айтышты. Бул койлор гиссар болбогондон кийин, бизге жаңы тукум катары каттоого мүмкүнчүлүк деген ой келди. Арашан койлорун Кыргызстанга, кыргыз элине таандык асыл тукум мал катары каттадык. Учурда бул койлор салмагы, бою, көрүнүшү жагынан гиссар койлорду басып кетти деп ишенимдүү айта алам.
— Өлкөдө канча баш Арашан койу бар жана алардын асыл тукум экени кантип аныкталат?
— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Арашан койлорунун саны 50 миң башка жетип калды. Ар бир койдун, козунун Арашан экенин тастыктаган документи болушу керек. Союз мезгилинде кулагына эн белги тагылчу, азыр заманбап технологиялар боюнча өзүбүзгө каттап, чип коюу менен тукумун тастыктаган карта жазып берүүдөбүз.
Негизи, бул койду багууну бирөө ишкердик катары көрсө, бирөө кызыгып, жан дили менен алектенет. Арашандан деле он койдун бешөө элита чыкса, бешөө начар болуп калышы мүмкүн. Бул салмагы, боюнун узундугу, туурасы сыяктуу тиешелүү талаптарга туура келбей калганы. Ушундай параметрлердин негизинде класстары коюлуп, начарлары аныкталат. Арашан койлору десе эле абдан кымбат деген стереотип болуп калганы менен, койлордун арзаны да, кымбаты да бар. Ошондой параметрлери дал келбей калган койлорду эт багытында колдонобуз. Мисалы, менде 7 айлык козу 35 кг таза эт берсе, жөнөкөй койлор 20-25 кг берет. Эт багытында деле союп сатууда бул койлор жөнөкөй койдон 3 эсе көп — 50-60 кг эт берет.
— Элди кызыктырган Арашан койлорунун баасы кайдан келип чыгат, ким аныктайт?
— Чынында, баалары кымбат эле болуп жатат. Кыргыз качан ойлоптур койлорду долларлап сатабыз деп. Башында мынчалык кымбат болот деп ойлогон эмеспиз. Гиссарга атаандаш катары асыл тукум кой чыгып калса деген ой менен эле каттаганбыз. Рыноктун талабы экен, эл баалап, наркы азыркы деңгээлине жетти. Чынын айтканда, бүгүнкү күндө канча жылдык фермерлердин мээнети акталууда. Себеби бул баа менен фермерлердин канча жылдык эмгеги бааланат.
Асыл тукум жакшы малдар чанда. Мен да койлор миллион доллар деп сатылганда абдан таң калгам. Бирок бүгүнкү күндө таң калычтуу эмес. Эмне үчүн миллион, 10 миллион доллар турган унааларга таң калбайбыз? Анткени кой баккан фермер жаш баланы баккандай эле эмгегин жумшайт. Кыргыз эли Арашан койлорун бренд катары колдонушу керек. Сатып ала турган кардар бааны өзү сунуштаганы менен, малдын баасын ээсинен башка эч ким аныктай албайт. Азыр Казакстан, Өзбекстан, Россия, Грузиядан бери биздин койдун турпатына, баасына кызыгып келип, алып кетип жатышат. Мисалы, мен 300-400 миң долларга короомдон кой сата элекмин. 25-30 миң долларга чейин сатып көрдүм. Азыр эң начар делген козу 500 доллардан башталып, эң жогорку дегенде кочкорлор 300-400 миң долларга бааланганын өз көзүм менен көрдүм.
— Мисалы, 400 миң долларга Арашан кочкорун сатып алган кишинин акчасы канча жылда акталат?
— Өзүмдүн башымдан өткөн нерсени айтсам, 4 жыл мурда туугандарым Таластан 36 миң долларга "кочкор кылабыз" деп 10 айлык козу сатып алышкан. Ошол кездерде Арашан айылында 35 миң долларга үй сатып алууга болот эле. Кийин ошол козунун акчасы бир төлү менен эле бир жылда өзүн эки-үч эсе актап койду. Себеби, ошол кезде анда 60-70 баш кой бар болчу. Козулар миң доллардан 15 миң долларга чейин бааланып сатылган.
Ошондуктан фермерлер коркпой жакшы кочкорлорго басым жасап, кийин козулардын аркасы менен 2-3 эсе көп киреше тапса болот. Андан тышкары, уруктандыруу жолун да өнүктүрсөк жакшы болмок. Бүгүнкү күндө жакшы кочкорлорубуз бар болгону менен, ал өлүп калса, баары жок болот. Ошол себептен тоңдуруу ыкмасы менен уругун азотто тоңдуруп койсок болот экен. Мында тоңдурулган урук кылымдар бою тура берет. Же заманбап технологиялар менен эмбрион деп, түйүлдүктү да тоңдуруп, кийин колдонууда таза Арашан козулар туулат. Бизде тилекке каршы, учурда заманбап ветеринардык лабораторияларыбыз жок. Мамлекеттен ушул багытка көңүл буруусун сурайбыз.