Милиция күнү-түнү жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда

Коом 24 Август 2026 14:35
copyright icon ИИМ

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу - милициянын күн сайын аткарган үзгүлтүксүз кызматынын натыйжасы. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги белгилейт.

Ведомство милиция кызматкерлеринин күн сайын аткарган эмгегин даңазалаган видеоролик менен бөлүштү.

Анда милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алып, зарыл учурда жарандарга жардам көрсөтүшөрү чагылдырылган.

“Бул кызмат бир күнгө да токтоп калбашы керек. Анткени коомдун тынчтыгы, коопсуздугу жана туруктуулугу түздөн-түз милициянын күнүмдүк кызматы менен байланыштуу. Милиция кызматкерлери күнү-түнү, ар кандай шартта өз милдетин аткарып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда. Кыргыз милициясы - тынчтык, тартип жана коопсуздук үчүн күн сайын кызматта!”, - деп белгилешти ИИМден