Мигранттар Чехия, Литва жана Словакияда элчилик ачууну суранышты

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 12:19
605131316_143050943_hEYgxun.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Казакстан, Чехия, Литва жана Словакияда жашаган мигранттардын кызыкчылыктарын коргогон делегат IV Элдик курултайда мекендештердин көйгөйлөрүн айтып чыкты.

Кылыч Туратов Чехия, Литва жана Словакияда жашаган мигранттар бул өлкөлөрдө элчиликтерди ачууну суранып жатышканын, анткени алар документтерди алуу үчүн Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү жайгашкан өлкөлөргө барууга аргасыз экенин билдирди.

Ошондой эле ал Казакстандын жарандыгы бар Кыргызстанга окууга келген студенттерге кыргыз жарандыгын берүүнү суранды.

Мындан тышкары, ал башка мамлекеттерде жашаган жарандарга бизнес демилгелер боюнча сынак уюштурууну айтты.

Туратов Казакстанда жашаган мигранттар Казакстанга кирерде мамлекеттик номерлердин айынан унаасын чек арага токтотууга туура келип жатканын да кошумчалады.