Мэрия шаар тургундарын жаңы жылдык балатыны жандыруу аземине чакырды

Коом Загрузка... 12 Декабрь 2025 15:05
9ffb6ae6-1314-4b54-b253-9cada2a3ffd2.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. 15-декабрда саат 18:30да Ала-Тоо борбордук аянтында Бишкек шаарынын башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу аземи өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору балатыны жандыруу иш-чарасына катышса болот.

Анда конокторду майрамдык программа күтөт. Сахнада белгилүү артисттер жана эл сүйгөн ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Ошондой эле аянтта чоң майрамдык эс алуу жана көңүл ачуу аймагы уюштурулат: 1500 чарчы метрлик муз аянтчасы, соода дүкөнчөлөрү жана фуд-корт, этно-зона, мастер-класстар өтүүчү жай, Сантанын үйлөрү, фотозоналар жана оюн-зоок зонасы.

Мында жарандар келе жаткан жаңы жылдын атмосферасын сезип, үй-бүлөсү жана достору менен убакыт өткөрүп, майрамдык сүрөттөргө түшүп, ачык асман алдындагы концерт көрө алышат.