Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Борбор калаада Кытай Жаңы жылына карата "Бишкектеги кубанычтуу жаз майрамы 2026" аттуу маданий иш-чара өттү.
Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги, Бишкектеги Кытай маданият борбору жана Кыргыз-Кытай соода-экономикалык кызматташтыгынын аткаруу ассоциациясы тарабынан уюштурулду.
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Чжэньпин куттуктоо сөзүндө кыргыз-кытай көп жылдык достук мамилелерин баса белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы маданий диалогдун маанисин айтты. Ошондой эле ал Кытай Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары колдоого жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев да куттуктоо сөзүн сүйлөп, кытай элин Жаңы жыл жана Жаз майрамы менен куттуктады. Ал эки өлкөнүн мамилелеринин өнүгүшүнө ишенимин билдирип, Кызыл ат жылынын символикасын баса белгиледи. Муну менен катар, ал иш-чаранын катышуучуларына жаңы жылда бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.
Майрамдык концерт эки өлкөнүн маданият өкүлдөрүн бириктирди. Кытай тараптан Фуцзянь кесиптик искусство институту, Фуцзянь провинциясынын акробатикалык тобу, Фуцзянь провинциясынын ыр жана бий театры, Цюаньчжоу шаарынын Гаоцзя театрынын мурас борборунун өкүлдөрү өнөрлөрүн тартуулашты.
Шоу-программада аткарылган ыр-бийлер, акробатикалык номерлер көрүүчүлөрдү Кытайдын бай маданий мурасы менен тааныштырды. Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий диалогдун жана достук мамилелердин өнүгүшүн көрсөтө алды.