Мелис Турганбаев UWW-Asia күрөш уюмунун бюро мүчөсү болуп шайланды

Спорт Жүктөлүүдө... 25 Март 2025 11:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек 25.03.25 /Кабар/. Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Иорданиянын Амман шаарында өткөн Күрөш боюнча Азия кеңешинин (UWW-Asia) Башкы ассамблеясында аталган уюмдун аткаруу комитетинин мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына билдирди.

Анын айтымында, ал Азиянын 38 өлкөсүнөн келген күрөш федерацияларынын президенттери жана өкүлдөрүнүн 25нин добушун ала алган.

“14 талапкердин ичинен жети адам төрт жылдык мөөнөткө шайландык”, - деди ал.

Эске салсак, Мелис Турганбаев буга чейин дагы Азия күрөш уюмунун бюро мүчөсү болуп шайланган.