Мектептер санарипке өтүүдө: Байсалов мугалимдер менен жаңы платформаларды талкуулады

Министрлер кабинети 19 Декабрь 2025 18:35
694525e22ce6f-thumb.jpg
694525e2aebd7-thumb.jpg
694525e2b3bd9-thumb.jpg
694525e2c42fa-thumb.jpg
694525e2d4d08-thumb.jpg
694525e2ea61f-thumb.jpg
694525e22e73e-thumb.jpg
694525e29ddbd-thumb.jpg
694525e291b0c-thumb.jpg
694525e304e5d-thumb.jpg
694525e312f02-thumb.jpg
694525e26671e-thumb.jpg
694525e28673f-thumb.jpg
694525e306288-thumb.jpg
Алдыга
Артка
694525e22ce6f-thumb.jpg
694525e2aebd7-thumb.jpg
694525e2b3bd9-thumb.jpg
694525e2c42fa-thumb.jpg
694525e2d4d08-thumb.jpg
694525e2ea61f-thumb.jpg
694525e22e73e-thumb.jpg
694525e29ddbd-thumb.jpg
694525e291b0c-thumb.jpg
694525e304e5d-thumb.jpg
694525e312f02-thumb.jpg
694525e26671e-thumb.jpg
694525e28673f-thumb.jpg
694525e306288-thumb.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кочкор районунун жана Балыкчы шаарынын жалпы билим берүү мекемелерине иш сапары менен барып, ал жерде педагогикалык коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Иш сапары жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарын киргизүү, мектептерди ноутбуктар менен камсыз кылуу, ошондой эле Агартуу министрлигинин «Алтын Казык» программасынын алкагында санариптик билим берүү платформаларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында уюштурулган.

Мугалимдер жана мектеп жетекчилиги менен болгон жолугушууларда жаңы окуу китептерин колдонуу, санариптик билим берүү ресурстарын пайдалануу, ошондой эле жер-жерлерде келип чыккан кыйынчылыктар жана түшүнбөстүктөр талкууланды. Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыккан онлайн-платформалар аркылуу педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Минкаб төрагасынын орун басары мугалимдерден келген пикирлер билим берүү реформаларын ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги элементи болуп саналарын баса белгилеп, бардык айтылган сунуштар жана сын-пикирлер жалпыланып, мындан аркы иште эске алынарына ишендирди.

Иш-чараларга Агартуу министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү да катышты.