Мектептеги рэкетчиликке жол жок! Буллингге каршы флешмоб башталды

Коом 18 февраль 2025 13:02
480307484_1055817746591969_1632170893526835687_n.jpg
480203364_1055817743258636_7089829886293079528_n.jpg
Алдыга
Артка
480307484_1055817746591969_1632170893526835687_n.jpg
480203364_1055817743258636_7089829886293079528_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Мектептеги рэкетчиликке жол жок! Кыргызстанда буллингге каршы флешмоб башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Флешмобго кантип катышса болот?

- Мектептеги профилактикалык иш-чараларды сүрөткө же видеого тарткыла.

- Аларды хэштегдер менен жарыялагыла:
#РэкетчиликкеЖолБербейли #БалдарБиздинКелечегибиз #Мектеп #Мугалим #Ата-эне

- Рэкетчилик менен күрөшүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып бергиле.

- Рэкетчилик – норма эмес, аны биргеликте токтотушубуз керек! #РэкетчиликкеЖолБербейли флешмобуна кошулгула жана балдардын коопсуздугу – биздин жалпы приоритетибиз экенин көрсөткүлө.

"Келгиле, балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү бирге түзөлү!",-деп айтылат маалыматта.