Улуттук универститетте “Буллингге жол жок” аталышында форум өттү

Коом 21 февраль 2025 10:10
480570380_1058023439704733_8907877280084189084_n.jpg
480879558_1058023436371400_5937363863565369094_n.jpg
480535203_1058023409704736_5890940691631670755_n.jpg
480572192_1058023326371411_3483787834595713619_n.jpg
481139368_1058023329704744_5964489006547501850_n.jpg
480504571_1058023333038077_5596775694227473943_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Күн мурун Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Буллингге жол жок” аталышында форум өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум Кыргызстандын мектептеринде окуучулар үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана диний чыр-чатактардын, басмырлоонун, экстремизмдин, терроризмдин жана зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алууга багытталган.

Спикерлер мектептердеги укук бузуулар жана бейбаштык боюнча мыйзамдагы чаралар, тыюу салынган уюмдар, синтетикалык баңгизаттар, онлайн мейкиндиктеги жалдоо иш-аракеттерине, ошондой эле экстремисттик иштерге аралашуудан жаштарды коргоо чаралары жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти.

Форумдун катышуучулары билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин зомбулукту же укук бузуулар боюнча фактыларды жаап-жашырбоого чакырышты.

Муну менен катар, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери мектеп рэкетчилигин чагылдырган чакан театралдык оюн көрсөтүштү.