Мектеп окуучуларынын арасында кеңири таралган, бирок көп учурда жашыруун бойдон кала берген көйгөйлөрдүн бири - бул буллинг. Шылдыңдоо, мазактоо, физикалык зомбулук же тайпадан бөлүү (социалдык четтетүү) - балдардын психологиясына түздөн-түз таасир этип, баланын жан дүйнөсүн жаралоочу көрүнүш. Ал жөнөкөй жаңжал, уруш эмес, ал бүгүнкү окуучунун эртеңки келечегине коркунуч жараткан көйгөй. Анын кесепети балдарды өлүмгө чейин жеткирген учурлар кездешет. Бул маселе тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Кыргыз психоаналитикалык ассоциациясынын мүчөсү, тажрыйбалуу психолог Гүлнара Малабаева айтып берет.

Буллинг жана анын түрлөрү
Буллинг көбүнчө кыйкырыктан эмес, жымжырттыктан башталат. Бала көзгө тике карабай, мектептен качып,абдан түнт же абдан агрессивдүү болуп калат. Чоң адамдар тилекке каршы, бул өзгөрүүлөрдү убагында байкабай калышы мүмкүн. Бирок мунун түпкүрүндө терең психологиялык жабыркоо (травма) турган болот. Буллинг күндөн-күнгө улангандыктан, ага туш болгон балдар күнүгө бул абалда жашаганга мажбур болушат. Алар көп учурда бул көйгөйүн ачык айта беришпейт, мектепке да барбай коё албайт. Болгону мындай абалда жашоосун улантып, кайгысы менен жападан жалгыз кала беришет.

Психоаналитикалык көз караш менен алганда буллинг – бул жөн гана агрессия эмес. Улам кайталана берүүчү зомбулук. Мында бир бала экинчи баланын эсебинен, башкача айтканда басынтуу менен өзүнүн ички чыңалуусунан кутулуунун амалын издейт.
Буллингдин түрлөрүнө токтоло турган болсок, физикалык түрүнө - атайын түртүү, уруу, согуу ж.б. кирет. Сөз менен болгон кодулоого байланышкан түрү - шылдыңдоо, шакаба ат коюп мазактоо, кемсинтүү, социалдык изоляциядан турат. Башкача айтканда баланы тайпадан бөлүп салып, коомдон четтетүү (изгой). Кибербуллинг – бул өтө коркунучтуу түрү. Себеби, андан качып үйгө кетип калуу мүмкүн эмес. Башкача айтканда балада башка жол жок калат.
Буллинг — бул күч эмес, тескерисинче, психологиялык жактан алсыздыкты айгинелеген аракет. Кээ бирлер курмандык болуп калбаш үчүн, өзү да аңдабастан башкаларга үстөмдүк кылуучунун ролуна кирип алышат.
Буллингди кимдер жасайт жана андан кимдер жабыр тартат?
Психологиялык көз караштан алганда буллингдин эки тарабы бар. Ошол эки тарап тең кыйынчылыкка дуушар болушат. Жогорку сезимталдуу, эмоциясын, ачуусун чыгара албаган, ыңгайлуу, ак көңүл болушум керек деп эсептеген пайдалуу балдар көбүнчө курмандык болушат. Мындай балдардын үйүндө көп учурда баланын ыңгайлуу болушуна татаал талаптар коюлат. Алар кооптондурган, тынч эмес абалда өсүп жаткан балдар.
Агрессор балдар алар адатта күчтүү эмес. Болгону агрессиясын чыгармайынча тура албаган балдар. Мындайлар бул агрессияны үй-бүлөлүк динамикадан алышат. Адам өзүнүн ички жарасы аркылуу өзүн коргойт: басынтканы үчүн өч алууга аракет кылат же алсыз көрүнбөш үчүн күчүн көрсөтөт. Анткени үйдө алсыздык — жазага тартылаарлык нерсе катары кабыл алынат. Айрым учурларда агрессор – бул ата-энеси ортого чек коюуга үйрөтпөгөн, ачуулаганга укугуң бар деп айтпаган балдар болушу мүмкүн.

Бала ортого чек коюну билиши керек
Балага өзүнүн психологиялык чек араларын калыптандырууга жардам берүү керек. Ал өзүнүн эмоцияларын чыгарууга укуктуу экенин билиши абзел: кайгырса, капаланса, көңүлү чөгүп же кубанып, шыктанып турса – булардын баары нормалдуу көрүнүш. Башкача айтканда, балада эмоционалдык интеллектти өнүктүрүүгө көмөктөшүү зарыл.
Ошондой эле бала өзү менен башка адамдын ортосун ажырата билиши керек. Кайсы сезимдер анын өзүнө тиешелүү, кайсынысы башкалардын проекциясы экенин ажырата алсын. Эгер башка бирөө ага ачууланса же каршы чыкса, бул аны жаман дегенди билдирбейт. Бул жөн гана ал адамда агрессиясын кармай албаган көйгөй бар экенин көрсөтөт.
Бала жанында анын кандай гана абалын болбосун көтөрө алган чоң адам бар экенин сезиши керек. Мисалы, жаман же жакшы абалда болбосун колдой турган чоң киши. Ушундай мамиле баланын ички таянычын калыптандырат.
Эгер бала: «Мен жаман эмесмин, жөн гана кыйын кырдаалда турам» деп билсе — ал башканын басымы алдында өзүн жоготпойт. Тескерисинче, чоң адамдарга кайрылып, жардам суроого күчү жетет жана мунун өзү — нормалдуу көрүнүш экенин түшүнөт.

Баланын эмоционалдык интеллектин өнүктүрүү маанилүү
Буллингдин алдын алуу – бул жөн гана белгилүү бир эрежелерди кармануу эмес. Бул класстагы мамиле маданияты. Балдардын эмоционалдык сөз байлыгын жана эмоционалдык интеллектин өнүктүрүү абдан маанилүү. Ар бир бала өзүнүн сезимин ачык айтып, аны атай билиши керек. Ошондой эле чоң кишинин уруксаты менен – балдар уят, ачуулануу, коркуу жана түшүнбөстүк тууралуу да ачык сүйлөй алышы керек.
Атайын топ түзүп, бул топто ар ким өз оюн айтып, ою угулгудай болушу керек. Бул өтө маанилүү. Эгерде балдар фрустрацияны (ичтеги ыза, үмүт акталбай калганда жаралган сезимди) туура жашоону үйрөнбөсө, алар аны жүрүм-турум аркылуу "ойноп чыгарышат". Эгер класста бирөөнү шылдыңдап жатышса – бул тамаша эмес. Бул сыртка чыкпай калган агрессиянын белгиси. Демек, бул агрессия класста бар деген сөз.
Аны кабыл алып, чоң кишинин катышуусунда кайра иштеп чыккан пайдалуу. Эгер бул агрессия сыртка чыкпай, ичте калып калса ал эч кайда жоголуп кетпейт. Ошондуктан аны менен иштөө өтө маанилүү.

Буллингге кабылып келген бала өмүр бою курмандык абалында калып калышы мүмкүн
Психоанализ көрсөткөндөй, ишке ашпай, чыгарылбай калган психологиялык жабыркоолор аң-сезим алдына бекип, адамдын ичинде жашап калат.
Эгер бала ар дайым буллингге кабылып келген болсо, курмандык абалында калып калышы мүмкүн. Адамдарга болгон ишеничи жоголуп, оюн айтуудан коркуп же тескерисинче зомбулукту башка тарабынан ойноп, агрессор болуп калышы мүмкүн.
Эң эле коркунучтуусу – ал чындап эле ушундай мамилеге татыктуумун деп ойлоп калышы ыктымал. Анан чоңойуп, бирөөлөр менен мамиле курган убакта өзү аңдабастан, жумушунда, жолдошчулукта, достукта бул зомбулукту издеп, өзүнө тартышы мүмкүн. Агрессорлорду токтотпосо ал дагы күчөп, чоңоюп, үй-бүлөлүк зомбулукка, эмоционалдык шантажга, жакындарынан чыгарууга чейин жетиши мүмкүн.
Буллинг бул ар дайым симптом бойдон кала берет. Ал топтун жайында эмес экендигин көрсөтүп, балдар агрессиясын, коркунучун, санаркоосун чыгаруучу каналдын жок экендигинен кабар берет. Ал эми бул жердеги чоңдордун милдети – сырткы гана конфликтти токтотуу эмес, мунун артында эмне тургандыгын аңдай билүү. Анткени, бул жерде жабыркаган, жабыр тарттырган тарап дагы мен жалгызмын, колуман келбейт, жардам бергиле деши мүмкүн. Биз муну көрө билсек - бул өзгөрүүнүн башаты болот. Ошондой эле буллинг көп учурда чоңдордун кийлигишүүсү, жардамы менен чечилет.