Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. 17-февралдан тартып республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана алардын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн онлайн тренингдер өткөрүлүүдө.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, тренингдер 12 жылдык билим берүү моделине өтүү механизмдерин түшүндүрүү максатында уюштурулууда.
Белгиленгендей, 25-февралына чейин ZOOM платформасы аркылуу өткөрүлөт.
Тренингден кийин ар бир мектепте ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, жаңы форматтагы улуттук билим берүү системасын калыптандырууга багытталган негизги чечимдер жана жаңылануулар тууралуу маалымат берилет.