Бишкек,26.02.25./Кабар/. Кыргызстанда 2025-2026-окуу жылынан тартып 12 жылдык мектептик билим берүүнүн мазмунун жана түзүмүн трансформациялоонун старттык этабы башталып, 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска кабыл алынат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.

Анын айтымында, 2024-2025 окуу жылында мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде “Наристе” программасын өткөн, бала бакчадагы мектепке даярдоо тайпасынан өткөн 6-7 жаштагы балдар 2025-2026-окуу жылында 2-класска кабыл алынат.
“Мисалы, учурда 5 жашта болуп сентябрь айына чейин 6 жашка чыга турган жогорку тайпанын балдары, мектепке даярдоодон өтпөгөн 6 жашка толгон балдар быйыл 1-класска барышат. “Балалык” автоматташтырылган маалыматтык система иштелип чыгып, учурда балдардын мектепке чейинки даярдыгы тууралуу маалыматтар киргизилүүдө. Менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн бардык тараптар канча баланы мектепке даярдап жаткандыгы тууралуу маалыматты киргизүүсү зарыл.
Маалыматтык базада баланын мектепке чейинки даярдыктан өткөндүгүн тастыктаган маалымат болуп, жаш курагы туура келсе бала дароо 2-класска кабыл алынат. Буга чейин 1-класска эле электрондук каттоо жүргүзүлүп келсе, эми 1-2-класстарга электрондук кабыл алуу жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, жаңы стандартка жараша 6 жаштан баштап мектеп курагы деп эсептелет. Эгер сентябрь айында бала 5 жаш 8 ай болуп, 6 жашка чыга элек болсо окуу жылынын аягына чейин бала бакчада жогорку тайпада калууга укуктуу. Ал эми сентябрь айына чейин 6 жашка чыкса сөзсүз түрдө мектепке 1-класска кабыл алынат”, - деди Нурзида Касымова.
Министрликтин маалыматы боюнча азыркы учурда республикада 480 сааттык “Наристе” программасы боюнча 121 миң 612 бала мектепке даярдалууда. Анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарында 77 миңден ашык, мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 39 миңге жакын, жеке менчик уюмдарда 2 миң 610 бала мектепке даярдоо программасын өтүүдө.
Мектептен тышкаркы уюмдарда 2 миң 791 бала даярдоо курстарынан өтүп жатат. Бардыгы болуп жалпы балдардын 98 пайызы мектепке чейинки даярдоо программасына тартылган. Ошондой эле 7 жашка чыгып такыр мектепке даярдоодон өтпөгөн балдарга окуу жылынын аягында атайын тездетилген программанын негизинде мектепке даярдоо жүргүзүү каралаары да кошумчаланды.
12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясына ылайык, класстан класска өтүүлөр же секирүүлөр тууралуу маалымат берсек, бир класс бир гана жолу секирүү жасайт.
Министрликтин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулованын пикиринде, бир окуучуга бир жолу өтүү же класстан класска секирүү туура келип, эч ким классты бир жолудан ашык аттабайт. 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүлөр 2025-2026-окуу жылынан 2027-2028-окуу жылына чейин болмокчу.
“Мектептик билим берүүнүн мазмунун трансформациялоонун алкагында 2025-2026-окуу жылында учурда 3-класста окуп жаткан балдар 5-класска, ал эми азыр 6-класста окуп жаткан окуучулар 8-класска секирик жасашат. Бирок окуучулар классты секиргени менен окуу программалар үзгүлтүк болуп, секирилбейт. Ошол эле 5-класста жаңыртылган 4-класстын программасы, 8-класста жаңыртылган 7-класстын программалары окутулат.
Экинчи этап, 2026-2027-окуу жылында дагы 3-класстар 5-класска, 6-класстар 8-класска секиртилет. Ошондой эле дагы бир класс кошулуп 9-класстар 11-класска секирик жасашат. Алар дагы жаңыртылган 10-класстын программасы менен окушат.

Үчүнчү этап 2027-2028-окуу жылында ушул эле 3-6-9-класстар бир секирик жасап, ошону менен 2027-2028-окуу жылында биз мектептерде толугу менен 12 жылдык окутуу программасына өткөрүп бүтүрөбүз. 12 жылдык мектепти бардык класстар мурдагыдай эле 17 жашында аякташат. Акыркы этап катары 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027-2028-окуу жылынан баштап берилет. Толук 12 жылдык мектептин биринчи бүтүрүүчүсү 2036-2037-окуу жылында 2019-жылы туулган балдар болуп калышат”, -деди Фариза Солтогулова.
Ошентип, этап-этабы менен өтүү аяктап, окуу процесси 12 жылдык система боюнча жүрөөрү белгилүү болду. Жаңы билим берүү системасына өтүүдө коомчулук үчүн маанилүү болгон айрым учурларга токтолсок:
- 12-классты окуп бүткөндө мектеп бүтүрүүчүсүнүн жаш курагы эч кандай өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат. О-класс биринчи класс болот, мектепке балдар 6 жаштан тартып бара баштайт.
- 12 жылдык мектептик билим берүү системасында да 9-классты аяктагандан кийин окуучулар каалаган башка кесиптик окуу жайларга тапшырууга же мектептен билимин улантууга укуктуу. 12 жылдык окутууда 1-6-класстар башталгыч, 7-8-9-класстар негизги жалпы билим берүүчү, 10-11-12-класс орто жалпы билим берүүчү деп бөлүнөт.
- Билим берүүнүн мазмуну өзгөрүлүп, алгач математика, физика, химия, биология предметтери боюнча китептердин 1-класстан 12-класска чейинки, англис тилинин 3-класстан 12-класска чейинки толук линейкасы жаңыланат.
- 12 жылдык мектептик билим берүүдө 10-11-12-класста орто жалпы билим берүү менен бирге окуучуларга кошумча кесиптик билим берилет. Мисалы, программалоонун баштапкы этабы, чач тарач, ашпоозчу, фермер ж.б. кошумча кесиптерге ээ болуп чыгышат. Жогорку класстардын окуучулары келечектеги кесибине карата окуу багыттарын же профилди тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
- Быйылкы окуу жылында 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска, 2018-жылы төрөлгөн балдар 2-класска барат.
2018-жылы 157 миң 921 бала, 2019-жылы 161 миң 716 бала төрөлгөн.
Бирок,министрликтин маалыматы боюнча баланын мектепке чейинки даярдоо тайпасынан өткөнже өтпөгөнүнө карата айрым учурларда өзгөрүүлөр болуп калышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, министрлер кабинети 2024-жылдын 30-октябрында өлкөдө 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын бекиткен. Бирок, министрликтин маалыматына ылайык, 2021-жылдан 2025-жылга чейинки убакыт 12 жылдык мектептик билим берүүгө даярдык этабы болуп, билим берүү стандарттары, программалар жаңыланып, мугалимдер окуудан өтүшүүдө.